«Царикаева болобу?» Бишкектик кыздардын арасында эң популярдуу патрул
Мирлан Таалайбековдун кызыктуу видеосу социалдык тармактарда пайда болду
УПСМдин басма сөз катчысы Мирлан Таалайбеков түнкү клубдардын жанында өткөрүлгөн рейд учурунда болгон кызыктуу көрүнүштү социалдык тармактарында бөлүштү.
Патрулдук милиция кызматкерлери Асанбай микрорайонундагы көңүл ачуу жайларынын аймагында өз милдеттерин аткарып жатышкан. Ошол учурда, бир кыз автоунаа менен бара жатып: «Царикаевди сураса болобу?» - деп кыйкырып жиберген. Жооп катары, арткы орундукта отурган, тоннотулган айнектердин аркасында көрүнбөй калган башка бир жүргүнчү эшикти жаап, аларды түшүрүүгө тыюу салды.
Обсудим?
Смотрите также: