«Чүп көп, качан бүтөт билбейм»: Кара-Бүргөн айылынан биринчи жолу чүп чыгарылууда (сүрөт)
Муниципалдык ишкананын өкүлү Акыл Дүйшөналы уулу маалымдагандай, жергиликтүү бюджеттен аймакты көп жылдык таштандыдан тазалоо үчүн 350 миң сом бөлүнгөн.
Таштанды чыгаруу иштери 13-февралда башталып, 17-февралга карата 62 «Хово» жүк ташуучу унаа таштанды менен чыгарылды.
«Айыл 1958-жылы негизделген жана жергиликтүү карыялардын айтымында, таштанды ошол жылдан бери топтолуп келген. Жибек Жусупбаев көчөсүнөн 57 рейс жасалды. Айрым жерлерде таштанды катып калган, андыктан аны тазалай албай жатабыз. Учурда Т.Кыдыршаев көчөсүнөн таштанды чыгарууну улантып жатабыз, ал жактан 5 рейс жасадык. Таштанды ошончолук көп болуп жатат, эмне үчун бүтөт экенин айта албайбыз. 13-февралдан 17-февралга чейин эсалбай иштедик, 18-февралда тыныгып алдык. Бүгүн кайрадан ишке кайтып, атайын бөлүнгөн полигонго таштанды чыгаруудабыз», - деди А.Дүйшөналы уулу.
Обсудим?
Смотрите также:



