Front Line Defenders Кыргызстандын бийлигин Рита Карасартованы дароо бошотууга чакырат
Уюм укук коргоочунун тинтүү, сурак жургузу жана камакка алынуусун айыптайт
Эл аралык укук коргоо уюму Front Line Defenders Кыргызстан бийлигин укук коргоочу Рита Карасартованы дароо жана шартсыз бошотууга чакырат. Бул билдирүү уюмдун расмий пресс-релизинде айтылган.
14-апрелде укук коргоо органдары активисттин үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн, ал жакта анын жоктугунда. Ал кайтып келген соң, Рита Чүй облусунун ИИМинде сурак үчүн кармалган, анын жыйынтыгында камакка алынган. Ал РКнын 278-беренеси менен массалык башаламандыкка шектелүүдө.
Рита өзүнүн кармалышын жана тинтүүнү активист Тилекмат Куреновдон алган кат менен байланыштырууда.
“Front Line Defenders укук коргоо органдарынын аракеттерин, анын ичинде Рита Карасартованы тинтүү, суракка алуу жана камакка алуу боюнча катаал иштерин айыптайт, алар анын мыйзамдуу жана тынч укук коргоо ишмердүүлүгү натыйжасында болду. Биз активисттин дароо жана шартсыз бошотулушун, ошондой эле анын алынып коюлган бардык буюмдарынын кайтарылышын талап кылабыз. Уюм Кыргызстан бийлигин сөз эркиндигин жана укук коргоочулардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүн басмырлоо үчүн коопсуздук мыйзамдарын колдонууну токтотууга чакырат. Front Line Defenders мамлекеттеги укук коргоочулар жана журналисттерге болгон репрессиялар боюнча олуттуу тынчсыздануусун билдирет. Бул адамдарды куугунтуктоо алардын укуктуу жана тынч ишмердүүлүгүнө терс таасир тийгизет”, - деп белгиленет кайрылууда.
Front Line Defenders Кыргызстан бийлигине бир нече талаптар менен кайрылууда:
- Рита Карасартованы камактан бошотууну жана анын физикалык жана психологикалык коопсуздугун камсыз кылууну;
- Рита Карасартовага, ошондой эле Кыргызстандагы бардык укук коргоочулар жана журналисттерге карата цензура жана сотко алуу аракеттерин токтотууну;
- Укук коргоочулар репрессиялардан жана чектөөсүз өз милдеттерин аткара алышын камсыздоону, эл аралык адам укуктары боюнча Кыргызстаннын милдеттенмелерине ылайык.
Сүрөт: www
Обсудим?
Смотрите также:

