Мамлекетке Тон районундагы «Ак-Куу» маданий үйүнүн мурдагы имараты кайтарылды
Тон районундагы Торт-Куль айылында, А.А.Т. аттуу жеке адам «Ак-Куу» маданий үйүнүн имаратын мамлекетке кайтарууга чечим кабыл алган, бул тууралуу КР УКМКдан маалымдалды.
Ушул ведомствонун маалыматы боюнча, имараттын аянты 291,60 чарчы метрди түзөт, анын ичинде 145,40 чарчы метри жашоого ылайыкташтырылган жайлар. Имарат жайгашкан жер участогунун аянты 2000 чарчы метр.
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети мыйзамсыз приватташтырылган объекттерди, анын ичинде жер участогун жана имараттарды аныктап, мамлекет балансына кайтаруу боюнча ишин улантууда.
Обсудим?
Смотрите также: