Маданият министрлиги 2024-жылы 3 телеканалдын эфирин токтотту
«Телевидение жана радиоберүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, министрлик үч компанияга айыппул салды:
- ОсОО «Акнет» – 69 миң сом;
- ААК «Кыргызтелеком» – 23 миң сом;
- ОсОО «Диас» – 115 миң сом.
Ошондой эле Next TV телеканалы өткөн жылы балдар үчүн тыюу салынган маалыматтарды жайгаштырганы үчүн 25 миң сом айып пулга тартылган.
«Туура эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын негизинде министрлик 23 арызды карап чыгып, жыйынтыгы боюнча:
- 4 сайттын иши 4 арыз боюнча 2 айга токтотулду;
- 2 арыз боюнча туура эмес маалыматтар жок кылынды;
- 9 арыз боюнча социалдык тармактар менен келишимдердин жоктугунан маалыматты жок кылуу мүмкүн болбой калды.
Обсудим?
Смотрите также: