РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Кыргызстандын бардык элчиликтеринде унаалар жаңыланды – Ж.Кулубаев
Коом

Кыргызстандын бардык элчиликтеринде унаалар жаңыланды – Ж.Кулубаев

333

Эл аралык мамилелер, коопсуздук, коргоо жана миграция боюнча комитеттин жыйынында Кыргызстан Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өлкөнүн элчиликтеринин автопаркы жаңыртылгандыгы жөнүндө маалымдады. Анын маалыматына караганда, өткөн жылы 43 жаңы автоунаа сатып алынган, ал эми быйыл 25 машина сатып алуу пландалууда.

Ошондой эле министр бардык жерлерде компьютерлер алмаштырылып, техникалык жабдыктар орнотулуп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, Кореядагы жана Женевадагы эки элчилик үчүн имараттарды сатып алуу боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө. Корей тарап менен сүйлөшүүлөр бүткөн жана учурда документи толуктоо процесси жүрүүдө. Женевада болсо кыйынчылыктар жаралды: жергиликтүү мамлекеттик органдар сатып алууга уруксат беришти, бирок МСУ бул келишимди азырынча макулдашкан эмес, анткени имарат маданий объект катары эсептелет. Муну чечүү үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Новосибирскте дагы варианттар каралууда: генконсулдук үчүн имарат тандалган, бирок анын жайгашкан көчөсүн реконструкциялоо маселеси жаралды. Мындан тышкары, Дубайда имарат сатып алууну пландаштырып жатат», - деп кошумчалады министр.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК