РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Өкмөт пластикалык калдыктар менен иш алып баруу тартибин бекитти
Коом

Өкмөт пластикалык калдыктар менен иш алып баруу тартибин бекитти

158

Документ пластикалык калдыктарды чогултуу, сактоо жана кайра иштетүү боюнча эрежелерди аныктайт.


Өкмөт пластикалык калдыктар менен иш алып баруу тартибин кабыл алды, аны Адылбек Касымалиев кол koyгон.

Бекитилген тартип бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн пластикалык калдыктарды чогултуу, сактоо жана кайра иштетүү процессин жөнгө салып турат, алардын уюштуруу-укуктук формасы эмне болбосун.

Өкмөттүн маалыматтарына караганда, бардык мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана бул тармакта иш жүргүзгөн жактар Кыргыз Республикасындагы калдыктарды иштетүү жана элдин санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзамдарды сактоого милдеттүү.

Айта кетүүчү жагдай, бул тартип радиоактивдүү жана медициналык пластикалык калдыктарды, ошондой эле туруктуу органикалык булгануучуларды камтыбайт.

Кошумча маалыматты ушул шилтемеден таба аласыз.

Сүрөт: www
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК