РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Жети кыргызстандык Мьянмада кулчулукта болуп калды – ЖК депутаты
Коом

Жети кыргызстандык Мьянмада кулчулукта болуп калды – ЖК депутаты

346

Жогорку Кенештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Чынгыз Ажибаев Мьянмада жети кыргызстандык кулчулукка кабылганын билдирди.

«Мен социалдык тармактарда биздин өлкөнүн 7 жараны Мьянмада кул болуп калгандыгы тууралуу маалыматты көрдүм. Алардын Кыргызстанга кайтарылганы жөнүндө айтылууда. Бул маселе боюнча маалымат барбы? Мен сиздерден териштирүү жүргүзүп, азыркы учурдагы маалымдарды берүүнү өтүнөм», - деп Ажибаев катышуучуларга кайрылды.

Бул боюнча Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү, эмгек жана миграция министрлигинин орун басары Ализа Солтонбекова алардын бул иш боюнча тастыктоочу маалыматтары жок экенин белгиледи.

Депутат ошондой эле ведомстводон жана президенттин Жогорку Кенештеги өкүлүнөн бул жарандардын абалы боюнча, ошондой эле чет өлкөдө жумуш менен камсыздоону сунуштап жаткан агенттиктер жана алданган кыргызстандыктардын саны боюнча маалымат берүү өтүнүчүн билдирди.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК