Бишкектен «Ала-Арча» жаратылыш паркынын түз автобустук маршруту ачылат
Ал парктын экологиялык жагдайын жакшыртууга багытталган маанилүү өзгөртүүлөр пландалып жатканын кошумчалады.
«Май айынан баштап бензин жана дизель отунунан иштеген унаалардын кирүүсүнө толук тыюу салынылат. Жаңы автоунаа токтотуучу жайдын курулушу азыркы учурда акыркы стадияда. Келгендер паркка атайын уюштурулган электромобилдер менен жеткирилип турат. Ушунун натыйжасында, парктын киришинде мурункудай кезек пайда болбойт», — деди ал.
Мындан тышкары, парктын ичинде биринчи ирет канаттуу жол курулат, ал ушул жылдын аягына чейин иштей башташы керек. Ошондой эле, парктын жогорку бөлүгүндө мейманкана, ресторан, бассейн жана A-frame стилдеги үйлөрдү куруу пландалганын Туманбаев кошумчалады.
Бул чаралар табият ресурстарын сактоодон тышкары, адамдар үчүн заманбап, ыңгайлуу жана коопсуз эс алуу шарттарын түзүү максатын көздөйт, деди ал.
Мурда, парктын ичинде шачлык жасаууга тыюу салынары маалымдалган.
Обсудим?
Смотрите также: