9-апрель күнү Жогорку Кенештин отурумунда «Ыйман Нуру» партиясынан депутат Эрнис Айдаралиев Казахстанда Кыргызстанда берилген айдоочу күбөлүктөрү таанылбай турганын билдирди. Ал Кыргызстандык мигранттар жергиликтүү айдоочу күбөлүктөрүн алуу зарылдыгын белгиледи. Бул боюнча Айдаралиев компетенттүү Orgандарды Казахстан менен ушул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды.