Бишкек шаарында профессионалдар арасында эл аралык бокс турнири өткөрүлөт
Турнирди уюштуруу Кыргызстандын профессионалдык бокс лигасы «Кыргыз боксу» тарабынан жүргүзүлөт.
Профессионалдар арасында эл аралык бокс турнири Бишкек шаарында 16-17-майда болот. Бул тууралуу Кыргызстандын профессионалдык бокс лигасынын башчысы Шайлообек Атазов маалымдады.
Бул иш-чара Спорт сарайында өткөрүлүп, Кыргызстандан, Өзбекстандан, Казакстандан, Россидан, Венгриядан, Монголиядан жана бир катар африкалык өлкөлөрдөн мыкты боксчуларды чогултат.
Турнир эл аралык стандарттарга ылайык, Дүйнөлүк бокс уюмунун WBC тарабынан белгиленген талаптарга ылайык уюштурулат.
Сүрөт: www
Обсудим?
Смотрите также: