Бул выход күнү Бишкекте 80ден ашык мас айдоочулар кармалды
Патрулдук кызмат "Рулда" аттуу рейдди өткөрүүдө
"Рулда" аттуу рейддин натыйжасында Бишкекте бул выход күнү 80ден ашык мас айдоочу кармалды.
Патрулдук милициянын маалымат кызматынын билдиргени боюнча, эки күн ичинде жол эрежесин бузуу боюнча 2,4 миңге жакын факт катталган, анын ичинде:
- 84 жолу мас абалда унаа башкаруу;
- 30 жолу мыйзамсыз тонировка;
- 109 жолу керектүү документтерсиз унаа башкаруу;
- 3 жолу автохулигандык.
Бул выход күнү 588 унаа айыптуу токтотуучу жайга жөнөтүлгөн.
УПСМдин маалымат кызматы тарабынан тартылган сүрөт
Обсудим?
Смотрите также: