РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Фрунзе көчөсүнүн участогу жарым жылга жабык болот
Коом

Фрунзе көчөсүнүн участогу жарым жылга жабык болот

124

Магистралдык жылуулук түтүктөрүн жаңылоо иштери башталат


9-апрелден баштап, Фрунзе көчөсүндө, Т. Айтматов көчөсүнөн Ахматбек Суюмбаев көчөсүнө чейинки участок боюнча магистралдык жылуулук түтүгү кайра куруу иштери жүргүзүлөт. Бул иштердин айынан, ушул участок боюнча унаалардын кыймылы 2025-жылдын 31-августуна чейин жабык болот, деп билдирген Бишкек шаардык мэриясы.

Бул иштердин негизги максаты – 1971-жылдан бери иштеп келе жаткан жана жаңыланууну талап кылган эски түтүктөрдү алмаштыруу. Реокнструкциянын жүрүшүндө түтүктүн диаметри 900 мм ден 1000 мм ге чейин кебиратуу, бул гидравликалык режимди жакшыртууга жана жылуулук камсыздоо системасынын ишенимдүүлүгүн арттырууга мүмкүнчүлүк берет.

Трафиктин тыгындарына жол бербөө максатында, Бишкек мэриясы маршрутыңызды алдын ала пландоону жана жеке унааны жумшак транспорт менен алмаштырууну карап чыгууну катуу сунуштайт.

Сүрөт: www
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК