МИД электрондук консул сайты ишке киргизилди
Консулдук кызматтарды жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле анын дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрү жаңы "Электрондук консул" веб-сайтын www.e-consul.gov.kg дарегинде ишке киргизди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, Кыргызстандын жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар ушул порталдан төмөнкү маалыматтарды таба алышат:
дипломатиялык миссиялар жана консулдук мекемелер, ошондой эле КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти тарабынан берилген консулдук кызматтардын тизмеси;
паспорттун түрүнө жараша чет өлкөгө чыгуу эрежалары тууралуу маалымат;
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин байланыш маалыматтары, ошондой эле башка маанилүү маалыматтар.
Консультацияларды онлайн режиминде, социалдык тармактарда – Facebook, Instagram, WhatsApp жана Telegram аркылуу көбүнчө 24 саат бою алууга болот.
Консулдук кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жакшыртуу үчүн жаңы электрондук кызматтар киргизилди:
электрондук булуттук кол тамгасын колдонуу менен дистанциядан консулдук эсепке кирүү жана аны токтотуу мүмкүнчүлүгү;
дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана консулдук мекемелерге кабыл алууга электрондук жазылыш, кызматтарды алуу үчүн ылайыктуу убакытты жана датаны тандоого мүмкүндүк берет.
Обсудим?
Смотрите также: