РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Исламга каршы топтун лидери Амстердамдын борборунда Куранды өрттөдү
Коом

Исламга каршы топтун лидери Амстердамдын борборунда Куранды өрттөдү

178
Исламга каршы топтун лидери Амстердамдын борборунда Куранды өрттөдү
Интернеттен алынган сүрөт
Амстердамдын борборунда, 3-апрелде, Исламга каршы уюмунун лидери Эдвин Вагенсвельд акция өткөрүп, Куранды өрттөдү. Бул тууралуу NL Times басылмасы маалымдады.

Вагенсвельд протест кылуу укугу чектелгенине нааразы болуп, өзүнүн аракетин «Нидерландды ойготууга» багытталганын айтты.

Окуядан кийин шаар борборунда көптөгөн нааразычылык билдирген адамдар жыйналып, полиция Стопера имаратынын тегерегинде коргонуу чараларын көрүүгө аргасыз болду. Кечке таман аянт тазаланды жана өтүү үчүн ачылды.

Al Jazeera маалыматтарына караганда, бул окуя голландиялык саясатчылар жана коомчулук арасында кескин нааразылык жаратты. Депутат Исмаил Аббаси болгон окуяны «жек көрүүгө ачык түрткү берүү» катары мүнөздөдү, бул бир миллиарддан ашык адамдардын аброюн бузуучу иш болуп саналат.

Вагенсвельд окуя болгон жерден кеткенден кийин, 20-30 адамдан турган анын аракеттерине каршы чыккан топ израиль байрагын өрттөп, аны муниципалдык имаратка орнотулган почта жәшигине салып коюшту.

Ошол эле күнү Эдвин Вагенсвельдге башка мыйзам бузуулар үчүн 20 саат коомдук иш иштерин жана бир жумалык шарттуу жаза белгиленди. Ал мусулмандар коомчулугун, Арнем мэри Ахмед Маркоушту кордоо үчүн күнөөлүү деп табылып, белгилүү бир жерлерде пайда болууга тыюу салууну бузганы үчүн, 500 евро айып пул менен жазаланды.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК