Бишкекте милиция кызматчысына пара берген адам кармалды
ИИМинин билдирүүсүнө ылайык, кармоо шектүүнүн бир тууганы тергөөчүгө 41 миң сом пара берүү сунушун койгондон кийин болду.
Кармалган адамдын аты-жөнү С.А. болуп, 1983-жылы туулган. Ал акчаны өткөрүп жаткан учурда, 4-апрель күнү тергөөчүнүн кабинетинде кармалган. Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Алгач кармалган адам Бишкек Шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилген, кийинчерэк Биринчи май райондук соту анын эки айга СИЗО-1'де кармалышына чечим чыгарган.
Бул жумадан бери укук коргоо органдары милиция кызматкерин пара үчүн кармоо тууралуу экинчи жолу кабарлап жатышат. 4-апрелде Свердлов районунун ИИМинде башка шектүү тергөөчүгө 4 миң доллар пара берүү сунуштаганы тууралуу маалымат берилген.
Обсудим?
Смотрите также: