«Ош пансионаты» мекемесинин жер тилкелери кайтарылды
Башкы прокуратура «Ош пансионаты» мекемесине таандык жер участоктарынын кайра кайтарылганы тууралуу маалымдады.
Ош шаарында өткөрүлгөн прокурордук текшерүү учурунда, «Ош пансионаты» Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын «Кыргызкурорттуризм» башкаруусуна караштуу 1,5 гектар жер тилкесинин 2015 жылдан 2018 жылга чейин мыйзамсыз түрдө 31 жаранга жеке менчикке берилгени аныкталды.
Прокураторанын аракеттеринин натыйжасында, 189,7 миллион сомго бааланган участок кайтарылып алынды.
Обсудим?
Смотрите также: