Лебединовка — ГЭС-5 автожолун төрт тилкеге кеңейтет
Мындан тышкары, курулушту жүргүзүүгө тоскоолдук кылган айрым имараттар бурдурулууда.
Жолдун узундугу 5,1 километрди түзөт.
Реконструкция процессинде жолдун категориясы өзгөртүлүп, полостордун саны экиден төрткө чейин көбөйтүлөт. Мындан тышкары, чоң көпүрө кеңейтилип, жөө адамдар үчүн көпүрө курулмакчы.
«Кошумча, негизги жолго параллель өтүүчү дагы бир эки полосо жол курулат, ал «Биримдик-Кут» жашоо массивин байланыштырмакчы. Кесилген дарактарга ордуна 20 пайыздан көп жаңы дарак отургузулат. Жолду куруу боюнча негизги иштерди ушул жылы аяктоо пландалууда», — деп айтылат пресс-релизде.
Обсудим?
Смотрите также: