Маевкадагы стихиялуу таштандылар жайгашкан жерлерде видеокүзөт камералары орнотулду

Камералар төмөнкү таштанды коюу пунктарында жайгаштырылган:
- Жапаров көчөсү менен Жаштар бульварынын кесилишинде;
- Арычны көчөсүндө, «Жантай» мал базарынан жакын жерде;
- Жаштар бульварында, Школьная көчөсү менен кесилишкен жердеги скверде.


Орнотулган камералар курулуш жана тигүү калдыктарын таштаган укук бузуучуларды аныктоого мүмкүндүк берет. Камералардын жазуулары мэриянын инспекциясына өткөрүлүп берилип, атайын мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.
Укук бузуулар үчүн айып пулдун өлчөмү төмөнкүлөр: турак жай таштандары үчүн — жарандар үчүн 5,5 миң сом, юридикалык жактар үчүн 17 миң сом; өндүрүш жана өнөржай калдыктарын таштоо үчүн — жарандар үчүн 7,5 миң сом, юридикалык жактар үчүн 23 миң сом.
Обсудим?
Смотрите также:

