Япониянын элчилиги Ош шаарында жапон кинофестивалын өткөрдү
Жапон элчилигинин маалымат кызматы билдиргендей, фестивальдын ачылышына ОшГУнун проректору Курсантбек Аттокуров жана дипломатиялык миссиянын өкүлдөрү катышты.
Фестивалдын алкагында көрүүчүлөргө Япон фондусунан алынган үч жапон фильми көрсөтүлдү: «Сүйрөп кеткен сызык», «Хару тофу дүкөнүндө» жана MONDAYS.
Бул окуя Ош шаарында өткөн биринчи Япон кинофестивалы болуп, Япония жана Кыргызстан ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоону баса белгилейт.
Обсудим?
Смотрите также: