РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » ЖК спикери: Бишкектеги баалар Москва жана Стамбулдан жогору
Коом

ЖК спикери: Бишкектеги баалар Москва жана Стамбулдан жогору

110

Торага антимонополдук органдарды кырдаалга көз салууга чакырды


Жогорку Кенештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу парламенттик жыйындын жүрүшүндө Бишкектеги кызматтардын баасы Москва жана Стамбул сыяктуу шаарлардан жогору экенин билдирди.

Ал кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери атайын түрдө кескин өскөнүн белгиледи.

«Кафе, ресторан, чач тарач жана такси кызматтарынын баалары негизсиз жогорулады. Биздин тарифтерибиз Стамбул жана Москва сыяктуу ири шаарлардан жогору. Бул такыр туура эмес. Албетте, биз бизнеси кыйын абалга калтырууну каалабайбыз, бирок жарандарга кыйынчылык жаратып жаткан негизсиз баанын көтөрүлүшү да кабыл алынгыс», - деп баса белгиледи спикер.

Торага антимонополдук жөнгө салуу кызматына кырдаалды көзөмөлгө алууну жана кызматтар тармагындагы бааларды жөнгө салуу боюнча иш жүргүзүүнү тапшырды.

Сүрөт: www
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК