АБР Нарын шаарында суу менен камсыздоо үчүн $32,35 миллион кредит бөлөт. ЖК макулдашууну жактырды
Жалпы суммадан $27 миллиону 32 жылга бериле турган каражаттардан турат
Бүгүнкү Жогорку Кенештин жыйында депутаттар «Нарын облустук айылдык суу менен камсыздоо жана санитария системасын өнүктүрүү программасы» боюнча кошумча финансылык келишимди үчүнчү окууда бекитишти.
Бул келишимге ылайык, Нарын облусуна Азия өнүктүрүү банкынан $32,35 миллион өлчөмүндө кредит берилип жатат. Бул суммадан $5,35 миллиону грант, калган $27 миллиону 32 жылга 1,5% жылдык ставкасында берилет. Алгачкы үш жылда кредит боюнча 1% жеңил ставка каралган.
Булардын мурдагы бөлүмдөрүнөн АБР тарабынан 43 айыл үчүн долбоордук-сметалык документтер даярдалган жана анын 20сында курулуш иштерине башталган. Бирок 23 айылдагы суу менен камсыздоо системасын толуктоо үчүн керектүү каражат жетишсиз болуп калды.
Сүрөт: www
Обсудим?
Смотрите также: