Бишкекте балдарды коргоо борборунан качып кеткен эки кыз табылды
Өткөн жумада мекемеден төрт кыз качып кетишти
Бишкекте милиция кызматкерлери балдарды коргоо борборунан качып кеткен эки өспүрүмдү тапты. Бул тууралуу Ленин районунун УВДсынан маалымдашты.
Балдарды коргоо борборунун өкүлү мурда милицияга 14 жана 15-мартта мекемеден төрт кыз качып кеткенин маалымдаган: Турдиева Серофима, Кылычбекова Аделина, Асамбаева Аруке жана Кылычбекова Адия.
Коопсуздук кызматкерлери 18-мартта Турдиева Серофиманы жана Кылычбекова Аделинаны табууга жетишти. Асамбаева Аруке менен Кылычбекова Адияны 19-мартта тапты.
Обсудим?
Смотрите также: