РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » Бишкекте үч күндүк ярмарка башталды
Коом

Бишкекте үч күндүк ярмарка башталды

392

Жармаркада тамак-аш жана күнүмдүк керектүү товарларды сатып алууга болот.


20-марттан 23-мартка чейин Бишкекте социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларына жана адамдар үчүн керек товарларга арналган жармарка өтөт, деп билдирген айыл чарба министрлиги.

Иш-чара үч күнү уланат жана 9:00дөн 19:00го чейин Туголбай-Ата көчөсүндө, Эркиндик бульвары менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде, темир жол станциясына жакын өтөт.

Жармарканын негизги максаты жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү, агрономиялык өнөр жай уюмдарын жана жеке ишкерлерди колдоо, ошондой эле шаар тургундарына айыл чарба продукцияларын оптом баада сунуштоо болуп саналат.

Сүрөт: www
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК