Баткендеги профлицеде дипломдордун мыйзамсыз берилген фактысы аныкталды
Прокуратура кылмышты иликтөө баштады
Жалпы прокуратурадан алынган маалыматка ылайык, Баткен облусунда дипломдорду мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.
Баткен облусунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн натыйжасында, Баткен профессионалдык лицейинде №57 окубаган жана Кыргызстандан тышкары турган алты студентке тестирлөө баалары коюлуп, тиешелүү адистиктер боюнча дипломдор мыйзамсыз берилгендиги белгилүү болду.
Бул фактылар боюнча Кыргызстандын Жазык кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Сүрөт: www
Обсудим?
Смотрите также: