Кыргызстандыктар Кореяда, Японияда жана БИЭде балдардын чет өлкөгө чыгуусуна ыйгарым укук берүүчү документтерди ала алышат
Бул жаңылык нотариалдык кызматтарды санариптештирүү системасын киргизүү жана Кыргызстанда «Электрондук нотариат» деп аталган бирдиктүү маалыматтык платформасын түзүү аркылуу мүмкүн болду. Бул системанын алкагында «Жарандык жеке кабинет» функциясы каралган, ал жарандарга электрондук цифралык кол тамга колдонуп алыстан нотариалдык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Дистанциялык нотариалдык кызматтардан пайдалануу үчүн, жарандар «Электрондук нотариат» бирдиктүү маалыматтык системасына кириши зарыл.
Обсудим?
Смотрите также: