РУС
Акыркы жаңылыктар » Коом » HRW Россиядагы ЦАдан келип жаткан мигранттарга карата ксенофобия тууралуу отчет даярдады
Коом

HRW Россиядагы ЦАдан келип жаткан мигранттарга карата ксенофобия тууралуу отчет даярдады

129
Эл аралык укук коргоо уюму Human Rights Watch «Коркунуч жана уятта жашоо» деген аталыштагы отчетун жарыялады. Анда Россиядагы Борбор Азиядан келген эмгек мигранттарынын, өзгөчө 2024-жылы Москвадагы «Крокус Сити Холл» жайгашкан жеринде болгон марттагы террордук актынан кийин, өсүүчү кысым жана зомбулукка дуушар болуп жатканы белгиленет.

Документте мигранттар, негизинен Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан келгендер, полициянын жана башка жеке адамдардын, анын ичинде ультра оңчул топтордун, токтоо жана кысууга дуушар болуп жаткандыгы белгиленген.

«Терактан кийин Россиянын бийликтери аракеттерин күчөтүп, коомдо расисттик жана мигранттарга каршы маанайларды жандандырып, мигранттардын укуктарын бузган жаңы административдик чектөө формаларына алып келди», — деп айтылат отчетто.

Human Rights Watch изилдөөсүнүн жыйынтыктарын Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россиянын өкмөттөрүнө жөнөткөнүн маалымдады. Бул кайрылууга жооп катары гана Кыргызстандан жооп алынды.
Ушул темада окууңуз
Россиядагы жаңы миграциялык эрежелер: 2025-жылы Кыргызстан жарандарына эмне күтүлүүдө
Укук коргоочулар Россиянын бийлигин мигранттарга каршы өч алуу тилине нолдук терпимость саясатын иштеп чыгууга жана киргизүүгө, ошондой эле ксенофобдук зомбулукка каршы күрөшүү үчүн натыйжалуу чараларды кабыл алууга жана мигранттардын укуктарын көзөмөлдөөчү мыйзамдарды кайра кароого үндөшүүдө.

Мындан тышкары, Human Rights Watch БУУ жана анын катышуучу өлкөлөрү Борбор Азиянын өкмөттөрү менен иш алып барып, Россияны мигранттардын укуктарын коргоого чакырышы керек экендигин белгиледи.

Эскерте кетсек, өткөн жылы 22-мартта «Крокус Сити Холл» өткөрүлгөн концертте террористтик акт болгон. Аталган иш чарага миңдеген адамдар катышкан. Чет өлкөдөн келген төрт белгисиз адам камуфляжда элге ок атууга киришкен. Россиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, террордук акттын натыйжасында 145 адам каза болгон.

Быйыл жылдын башында Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматка ылайык, 2023-жылы Россияда 650 миң кыргызстандык мигрант катталган болсо, 2024-жылдын аягына карата алардын саны 350 миңге чейин кыскарган.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК