РУС
Акыркы жаңылыктар » Экология » 8-мартта Кыргызстандагы аба ырайы кандай болот?
Экология

8-мартта Кыргызстандагы аба ырайы кандай болот?

154
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 8-мартта түн ичинде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар аралаш жаандан болжолдонууда, күнү болсо — жаан, айрыкча тоолуу райондордо кар түшөт.

8-мартка карата болушу күтүлгөн температура төмөндөгүдөй:

- Чүй жазыгында: түнүндө -1…+4, күндүз +6…+11;

- Талас жазыгында: түнүндө -4…+1, күндүз +3…+8;

- Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жазыктарында: түнүндө +1…+6, күндүз +8…+13;

- Ысык-Көл облустунун айыл чарба зонасында: түнүндө -4…+1, күндүз +2…+7;

- Нарын облустунун айыл чарба зонасында: түнүндө -2…-7, күндүз +1…+6.

Бишкек шаарында түнкү температура -1ден +1 градуска чейин болот, ал эми күндүз +8…+10 аралыгында күтүлүүдө. Түн ичинде кар аралаш жаан болжолдонууда, күндүз болсо — жаан күтүүдө.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК