РУС
Акыркы жаңылыктар » Эксклюзив » ЖК комитети турак-жайларды камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда бекитти
Эксклюзив

ЖК комитети турак-жайларды камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда бекитти

105
- Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан сунушталган мыйзам долбоору талкууланды.
Экономика жана соода министринин орун басары Гюльшат Асылбаева аталган мыйзам долбоору тууралуу маалымат сунуштады.
Ал мыйзам долбоорунун максаты турак жайды жана унаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин камсыздоого байланыштуу нормativдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү экенин баса белгиледи.

«Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында камсыздандыруу рынокту өнүктүрүү боюнча президенттин Жарлыгын жана "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу тууралуу" мыйзамды ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан, ошондуктан милдеттүү камсыздандыруу боюнча бардык нормativдик укуктук актылар жогоруда аталган мыйзамга шайкеш келиши зарыл», - деди ал.
Комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбоорун үчүнчү окууда бир добуштан колдошту.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК