РУС
Акыркы жаңылыктар » Эксклюзив » Жогорку Кеңештин комитети Кыргызстан менен Кореянын ортосунда эки жолку салык салуудан баш тартуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду
Эксклюзив

Жогорку Кеңештин комитети Кыргызстан менен Кореянын ортосунда эки жолку салык салуудан баш тартуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

6
- Жыйындын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасындагы өкмөт менен Корея Республикасындагы өкмөт арасындагы эки жолку салык салуудан баш тартуу жана киреше менен капиталдан салык төлөөдөн качууну алдын алуу боюнча» протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул документ 2012-жылдын 11-декабрында Сеулда кол коюлган жана 2024-жылдын 3-декабрында дагы Сеулда кошумча кол коюлган.

Бул келишимдин максаты Кыргызстандын экономикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу. Ал чет элдик компанияларга республика экономиканын ар кандай секторлоруна инвестиция сала турган жагымдуу шарттарды түзүп, эки жолку салык салуунун мүмкүнчүлүгүн четтетип, бир гана өлкөдө салыктык кепилдиктерди камсыз кылат.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК