Жогорку Кенеште экология, туризм жана азык-түлүк боюнча SWITCH-Asia программасы менен кызматташуу талкууланды
Жолугушууда SWITCH-Asia программасынын эксперттери экология, туризм, азык-түлүк жана циркулярдык экономика боюнча долбоорлордо биргелешип иштөө кызыкчылыктарын белгилешти.
Алардын айтымында, SWITCH-Asia Борбордук Азияда көптөгөн инициативаларды активдүү ишке ашырат.
«Быйылкы жылы программа Азия, Жакынкы Чыгыш жана Тынч океан аймагындагы 42ден ашык мамлекетти камтыйт. Программанын иштей баштаган убагынан бери 140тан ашык долбоорлорду колдоо үчүн 1,7 миллион евро бөлүнгөн», - деди программа координатору Зинаида Фадеева.
Аманкан Кенжебаев белгиленген багыттар боюнча Борбордук Азия мамлекеттери менен кызматташууну сунуштады.
«SWITCH-Asia Борбордук Азияда 5 мамлекетти камтыйт, жана экология, туризм жана азык-түлүк боюнча маселелер коңшулар менен биргелешип каралышы керек. Эффективдүү болот, эгер адистер чогулуп, бул тууралуу талкуулашса», - деди Аманкан Кенжебаев.
Жолугушууда ошондой эле SWITCH-Asia программасынын алкагында долбоорлорду ишке ашыруу аспектилери талкууланды.
Обсудим?
Смотрите также: