РУС
Акыркы жаңылыктар » Эксклюзив » Кыргызстан жана Казакстан Япониядан колдонулган дисктерди бажысыз 300 жана 135 тоннага чейин киргизе алышат
Эксклюзив

Кыргызстан жана Казакстан Япониядан колдонулган дисктерди бажысыз 300 жана 135 тоннага чейин киргизе алышат

426
- Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы Япония, Таиланд, Түркия жана Малайзиядан келип жаткан алюминий колесо дисктерине антидемпингдик акциз киргизүү боюнча мурда кабыл алынган, бирок күчүнө кирбеген чечимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды, деп маалымдалат ЕЭКтин сайтында.

ЕЭКтин ички рынокту коргоо боюнча директору Андрей Захаровдун айтымында, “өзгөртүүлөр Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын чечимине ылайык ишке ашырылган, бул бардык мамлекеттер үчүн ылайыктуу чечим табууга багытталган талкуулардын жүрүшүндө кабыл алынган”.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстан жана Казахстан Япониядан колдонула турган алюминий дисктерин антидемпингдик акцизсиз киргизе алышат, мында көлөмдөр Кыргызстан үчүн жыл ичинде 300 тоннадан, Казахстан үчүн 135 тоннадан ашпашы керек.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК