РУС
Акыркы жаңылыктар » Эксклюзив » НСК: Кыргызстандагы тышкы жана өз ара соода 2 айда 13,2% төмүндөгөн, $2 млрд түздү
Эксклюзив

НСК: Кыргызстандагы тышкы жана өз ара соода 2 айда 13,2% төмүндөгөн, $2 млрд түздү

59
- 2025-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун өткөргөн пресс-конференциясында келтирилген маалыматка ылайык, республикадагы соода ушул жылдын биринчи эки айында 2024-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 13,2%ка төмөндөп, $2 миллиард 70,6 миллионду түзгөн.

Анын отчетунда экспорттук жеткирүүлөр $314,4 миллионго жеткендиги, бул 2024-жылдын январь-февраль айына караганда 4,7% төмөн экендиги көрсөтүлгөн. Импорт болсо $1 миллиард 756,2 миллионду түзүп, 14,6%ка азайган. Товар жүгүртүүсүнүн структурасында экспорт 15,2%ты, ал эми импорт 84,8%ды түзгөн.

«Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соода жалпы көлөмдүн 34,9%ын түзүп, анын 46,1%ы экспортко жана 33%ы импортко туура келген. 2025-жылдын январь-февраль айларында ЕАЭБ менен өз ара соода $723,6 миллионду түзүп, өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 17,3%ка арткан. Өз ара сооданын эң чоң үлүшү Россияга - 69,8% жана Казахстанга - 28,3% туура келген. Эгер үчүнчү өлкөлөр (ЕАЭБге кирбегендер) менен тышкы соодага көңүл бурунсак, анын көлөмү $1 миллиард 347 миллионду түзүп, 2024-жылдын январь-февраль айына караганда 23,9%ка төмөндөгөн. Айтылгандай, үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соода жалпы товар жүгүртүүсүнүн 65,1%ын түзүп, анын 53,9%ы экспортко жана 67%ы импортко туура келген», - деп белгиледди Нацстаткомдун төрагасы.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК