Барскоон — Каракол автожолунун бөлүгүн реконструкциялоо боюнча келишим ратификацияланды
Мындан тышкары, ушул документтин алкагында аталган жолдун бөлүгүн жакшыртууга багытталган гранттык келишим да ратификацияланды.
Келишимдердин кол коюлуусу 2024-жылдын 4-ноябрында Бишкекте өткөн.
Каржы министрлигине келишимдердин күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасында бардык туура процедураларды аяктагандыгы тууралуу АБРге маалымдоо тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Документ «Эркин Тоо» газетасында 2025-жылдын 8-апрелинде, N 26да жарыяланган.
Малымат
Минтранс маалыматтарына ылайык, келишимдер АБР тарабынан 87 миллион доллар кредит жана 22,5 миллион доллар гранттык каражат берүү сунушун камтыйт.
Кредит 32 жылга 8 жылдык жеңилдик мөөнөтү менен 1% ставкага берилет, ал эми мөөнөт аяктагандан кийин пайыздык ставка 1,5% жылдыкты түзөт.
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Ысык-Кульдун эң өтмө жолдорун жакшыртуу долбоорун практикалык жактан ишке ашырууга жол ачат, мында Барскоон — Каракол бөлүгүндөгү 75,2 км узундуктагы участоктун реконструкциясы пландалууда.
Участоктун долбоорлошу эл аралык жолдун II техникалдык категориясына ылайык, төрт жол тилкеси, тротуарлар, автобустун токтотуучу жайлары, көчө жарыгы, арык жээктери, көпүрөлөрдү реконструкциялоо, ошондой эле эс алуу зоналарын жана электр транспорт каражаттары үчүн заряддоо пункттарын түзүү кирет.
Обсудим?
Смотрите также: