РУС
Акыркы жаңылыктар » Эксклюзив » Жогорку Кеңеш Венгрия менен аба байланышына байланыштуу келишимдин ратификациясын биринчи окууда бекитти
Эксклюзив

Жогорку Кеңеш Венгрия менен аба байланышына байланыштуу келишимдин ратификациясын биринчи окууда бекитти

126
- Жогорку Кеңештин бүгүн, 9-апрелде, өткөргөн жыйынында депутаттар «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгрия өкмөтүнүн Бишкек шаарында 2024-жылдын 5-ноябрында кол коюлган аба каттамы тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору» биринчи окууда талкуулап, кабыл алышты.

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты Министрлер Кабинетинин алдындагы Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги директорунун орун басары Канат Тологонов сунуштады.

Анын айтымында, макулдашууну ратификациялоо үзгүлтүксүз каттамдарды жүргүзүүгө, анын ичинде жарандарды, жүк жана почта ташууга мыйзамдык негиздерди түзөт.

«Түз аба каттамынын ачылышы өлкөлөрүбүздүн бардык негизги чөйрөлөрдө кызматташуусун тереңдетүүгө түрткү болот», - деди ал.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК