2025-жылы 128 өнөр жай обьектин ачууну пландап жатабыз, - өкмөт башчынын биринчи орун басары
Амангельдиев өз кайрылуусунда өкмөт бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, анын ичинде ачык жөнгө салуу жана инфраструктураны колдоого көңүл бураарын белгиледи.
Ал ошондой эле, 2024-жылы 102 жаңы өнөр жай объектиси ишке киргизиле турганын, ал эми 2025-жылы дагы 128 объекттин ачылышы пландаштырылып жатканын маалымдады. Бул региондорду өнүктүрүүгө жана миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. 2024-жылы өнөр жай продукциясынын көлөмү 585 миллиард сомго жетет деп күтүлүүдө.
Акырында, Данияр Амангельдиев жаңы заводдун ийгиликтүү иштөөсүнө ишенимин билдирди.
Маалымат
Проектке болгон инвестициялар $1 миллионду түздү.
Заводдун өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү:
- Жылдык чыгаруу 57 миңден ашуун продукция;
- 700 квадрат метр заманбап өндүрүш аянты;
- 50 жаңы жумуш орундарынын түзүлүшү;
- Сапат контролунун автоматташтырылган системалары;
- Заманбап технологияларды өткөрүп берүү жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү.
Обсудим?
Смотрите также: