Чет өлкөлүк номерлери бар унаалар: легализациядан кийин сатууга жана такси катары колдонууга болбойт
Насировдун айтымында, 10-облустун коду бар унааларды ишеним кат аркылуу каттоого өткөрүү мүмкүн эмес, ошондой эле аларды жакын туугандарына өткөрүп берүү же сыртка чыгарууга уруксат берилбейт.
«Легализациядан кийин чет элдик унааларды сатууга же өткөрүп берүүгө болбойт, анткени алар ээси боюнча катталат. Мындай унаалар такси катары колдонууга болбойт жана аларды Кыргызстандан чет жакка алып чыгууга тыюу салынат. Техникалык паспортто «өзгөчө белгилер» бөлүмүндө тиешелүү белгиси көрсөтүлөт», – деди ал.
Обсудим?
Смотрите также: