Акыркы жаңылыктар » Эксклюзив » Кыргызстандын муфтиятынан никаб боюнча билдирүү
Эксклюзив

Кыргызстандын муфтиятынан никаб боюнча билдирүү

464
Кыргызстандын муфтиятынан никаб боюнча билдирүү

Муфтияттын билдирүүсүндө шариат боюнча аялдын интимдүү жерлери (аурат) - бул тизеден жогорку колдорун жана жүзүнөн башка анын бардык денеси экендиги айтылат. Жүз жана колдор ауратка кирбейт.
Хиджаб – аялдардын шарият талаптарына ылайык кийген жоолугу жана кең кийими (тасаттур). Никаб (вуаль) болсо, аялдын жүзүн жаап турган капталган кийим.
Хиджаб жана никабдын салыштырмасы:
Хиджабды кийүү – фарз, башкача айтканда, ар бир мусулман аял үчүн милдеттүү. Никаб болсо мустахаб статусуна ээ, бул анын кийилиши милдеттүү эмес, бирок кээ бир учурда, мисалы, ажылык учурунда, абдан зарыл болушу мүмкүн. Мурда аялдар кээде никаб тагынууга мажбур болушуп, фитнадан (туңгуюктан) качышкан.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда никабды кийүү милдеттүү болууга негиз жок, бул үчүн бир нече негиздер бар:
Учурда аты ачык күйгөн аялдар үчүн эч кандай коркунуч жок. Кудайга шүгүр, биздин мамлекет туруктуу, жана жарандардын коопсуздугу камсыздандырылган.
Фетва, коомдун салттарына жана адаттарына туура келбеген нерселер боюнча чыгарылбайт. Никаб биздин маданиятыбызга четтен келген көрүнүш.
Айлакерлердин никабдын астында жашынышы мүмкүн деген коркунуч бар, бул коомдук коопсуздукка коркунуч туудурат. Ошондуктан, жүздөрдүн ачык жана таанымал болушу маанилүү.
Демек, никабды кийүү маселеси диний жактан негизги маселе эмес. Ал, адатта, фитна жана конфликттер учурунда (мисалы, согуш) гана зарыл. Учурда биздин коомдо тынчтык орун алууда, жана биздин өлкөдө жарандардын коопсуздугу кепилденген. Алла Таала бизди чагымдардан сактап койсун.
Диний маселелерди талкуулоодо шарияттын так далилдерине таянышыбыз маанилүү. Дин менен манипуляция кылуу жана бул маселелерди жеке кызыкчылыктар үчүн колдонуу, ошондой эле козголоңго түрткү берүү – бул күнөө.
Дин олуттуу жана назик маселе болгондуктан, даанышмандык жана этияттык менен баарлашуу зарыл.
Кыргызча:

Урматтуу замандаштар! Ардактуу мусулман бир туугандар! Учурда коомдо кызуу талкууланып жаткан паранжа маселеси боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз!

Шариятыбызда эрезеге жеткен аялзатынын уяттуу жери (аурат) – жүзү жана билектен ылдый эки колунан башка бардык денеси экени белгилүү. Аялдын жүзү жана алаканы ауратка кирбейт.

Хижаб – бул аял кишинин шарият талап кылган тариздеги жоолук жана кең кийими (тасаттур). Ал эми никаб (паранжа) – аялдын жүзүн жапкан парда.

Хижаб менен никабдын өкүмдөгү айырмасы:

Хижабдын өкүмү – фарз-и ъайн. Ар бир момун-мусулман аялдын хижаб кийүүсү милдеттүү болуп эсептелет.

Ал эми никабдын өкүмү – мустахаб. Бирок фарз эмес. Аны такпаса күнөөкөр болбойт. Кээ бир учурларда макүрөө болот. Мисалы, намаз окуганда. Кээ бирде арам болуп калат. Мисалы: ажылыкта жүзүн бетине тийгизип жаап жүрүүсү. Кайсы бир замандарда эркектерге бүлгүн (фитна) болгондуктан аны тагынуу важиб болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөбүздө никабды важиб кылууга негиз жок. Буга бир канча себептер бар.
Азыркы заманда жүзүн ачып жүргөндөргө каршы коркунуч жок. Кудайга шүгүр, мамлекетибиз кубаттуу, жарандардын коопсуздугу көзөмөлдө.
Коомдун салтына жана үрп-адатына бөтөн болгон нерсеге фатва берилбейт. Никаб биздин коомго бөтөн көрүнүш.
Бүгүнкү реалдуулукта никаб кийген эже-карындаштарыбыздын атын жамынып, аялча кийинген бүлгүнчүлөрдүн коомдук коопсуздукка шек келтирүү ыктымалдыгы жок эмес. Ошондуктан тааныла тургандай жүз ачып жүрүү маанилүү.

Демек, паранжа тагуу маселеси негизги диний маселелерге кирбейт. Аны тагынуу бүлгүндүү (фитналуу), оош-кыйыштуу учурларда (мисалы; согуш) гана ваажиб болот. Учурда коомубузда тынчтык өкүм сүрүп, күнөстүү өлкөбүздө жарандардын коопсуздугу кепилденген. Алла Таала чагымдуу (фитналуу) жагдайлардан өзү сактасын.

Андыктан, диний маселе жөнүндө сөз болгондо шарияттык анык далилдерге таянуу менен гана сөз кылуу кажет. Диний маселени манипуляциялоо, ар кандай кызыкчылык үчүн колдонуу жана чагым салуу (фитналаштыруу жана саясатташтыруу) Жараткандын даргөйүндө күнөө болуп саналат.

Дин абдан олуттуу жана назик маселе болгондуктан, мусулман бир туугандарыбызга мамиле кылууда өтө жоопкерчиликтүү жана кылдат мамиле жасалышы шарт. Жарандардын улуттук баалуулуктарга шайкеш келген диний тутумдарына аяр мамиле жасоо менен исламдын акыйкатын жеткирүү – чыныгы момун-мусулмандын иши.
 
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Продолжая просматривать сайт day.kg вы принимаете политику конфидициальности.
ОК