Энергетика министрлиги жаңы тарифти сунуштады — 1-июндан баштап 80 кв.м чейин турак жайы бар абоненттер үчүн баанын 25%
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, 2025-жылдын 1-июнунан баштап 80 кв.м чейин үй-жайы бар адамдар үчүн тарифтер толук чыгымдын 25% түзөт. 2026-жылы бул көрсөткүч 50% га өсөт, 2027-жылы 75% га, ал эми 2028-жылдан баштап тарифтер толук чыгымдын деңгелинде аныкталат.
80 м² ден ашык турак жайы бар үй ээлери, ошондой эле өнөр жай жана бюджеттик керектөөчүлөр үчүн тарифтер дароо толук баада белгиленет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жылуулук энергиясын өндүрүү боюнча иш жүргүзгөн ишканалар үчүн тарифтерди өз алдынча белгилеүү укугуна ээ болушат.
Эгерде жылуулук жана электр энергия болсо, тарифтер тиешелүү мамлекеттик орган [Энергетикалык рынокту жөнгө салуу департаменти] тарабынан аныкталат.
Редакция 25% тарифти эсептөөгө камтылган жылуулук энергиясынын баасы боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Энергетикалык рынокту жөнгө салуу департаментине суроо жиберди.
Обсудим?
Смотрите также: