Парижде кыргыз-француз саясий консультациялары болуп өттү
Жыйындын алкагында тараптар кыргыз-француз эки тараптуу кызматташтыгынын кеңири спектрин, анын ичинде саясий, соода жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүн талкуулашты.
Катышуучулар кыргыз-француз өнөктөштүгүн бекемдөө боюнча өз ара кызыгууларын билдиришип, саясий диалогду кеңейтүүгө ниеттеништи. Кыргыз тарап Франция президенти Эммануэль Макронду Кыргызстанга президент Садыр Жапаровдун чакыруусу боюнча барууга кайрадан чакырды.
Экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө, энергетика, айыл чарба, санариптик технологиялар чөйрөлөрүнөн француз инвестицияларын кыргыз экономикасына тартууга маанилүү көңүл бөлүндү.
Маданий-гуманитардык кызматташтык да талкуунун маанилүү темасы болуп калды. Эки өлкөнүн элдери арасында байланыштарды бекемдөө үчүн билим берүү программаларын кеңейтүү жана биргеликте маданий иш-чараларды уюштуруу зарылдыгы белгиленди.
Тараптар климаттын өзгөрүшү, эл аралык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү жаатында болуп жаткан актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алышты. Ошондой эле Афганистандагы кырдаал жана башка регионалдык коопсуздук маселелери каралды, борбордук Азия менен Европа аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү ачып көрсөтүлдү.
Консультациялардын жыйынтыгында катышуучулар кыргыз-француз кызматташтыгын тереңдетүүгө даярдыгын билдиришти жана талкууланган бардык маселелер боюнча конструктивдүү диалогду улантууга макулдашышты, деп билдирет Тышкы иштер министрлиги.

Обсудим?
Смотрите также: