Бишкекте мамлекеттикка Минсельхоздун административдик имараты кайтарылды
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө сөз болуп жаткан имарат Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине таандык болуп, мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды.
Кабыл алынган чаралардын жана жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-аракеттердин натыйжасында, аталган объекттин бөлүгү боюнча ээси өзүнүн мыйзамсыз ээлөөдөгү мүлкүн моюнга алып, 300 квадрат метрден ашык имаратты кайрадан мамлекеттин менчигине кайтарууга макул болду.
Учурда бильярд клубу жана конок үйү жайгашкан имараттын калган бөлүгүн кайтаруу боюнча иштер улантылууда. Легитимдүүлүктү калыбына келтирүү жана мамлекеттик менчти кайтарып алуу үчүн аталган имараттын бул бөлүгүн кайтаруу тууралуу сотко доо арыз берилет.
Обсудим?
Смотрите также:
