Ош шаарындагы коммуналдык кызматтарга жаңы атайын техника тапшырылды, Патрулдук милиция кызматында – жаңы унаалар
Ош шаарындагы коммуналдык кызматтар иш-чарада 8 жаңы атайын техника алышты, алардын арасында 2 “Shacman” жүк ташуучу автоунаа, 2 экскаватор, 2 авто-жүктөгүч жана 2 манипулятор бар, ал эми УВДнын патрулдук милициясы 4 жаңы жеңил автоунаа менен камсыздалды.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри Женишбек Токторбаев берген атайын техника жана автоунаалар үчүн демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди. Жеңил автоунаалар “Газпром Кыргызстан” ОсООнун генеральный директору Болот Абилдаевдин атынан “ОшГаз” филиалынын жетекчиси Рашид Тагаев тарабынан тапшырылды. Атайын техника “Базис-М” ОсООсунун генеральный директору Максат Чунуев тарабынан тапшырылды.
Тапшырылган техника шаардагы коммуналдык кызматтарга ошол жерден бөлүштүрүлдү. Учурдагы жылдын башынан бери демөөрчүлөр тарабынан шаардагы ар кандай мекемелерге дээрлик 50 атайын техниканын тапшырылганын эске салабыз.
Обсудим?
Смотрите также:
