Кыргызстанда «Кайра жабдуулар» рейди жүргүзүлүүдө. Эки күн ичинде 1,9 миллион сомдон ашык айып пул салынды
«Сосновка», «Арал», «Чычкан» жана башка текшерүү пункттарында жүк ташуу жана жүргүнчү ташуу менен алектенген унааларды текшерүү жүргүзүлүүдө.
Текшерүүлөрдүн натыйжасында кошумча элементтерди — орундуктарды, жатып алуу жайларын, жүк ташуучу кутучаларды, фарларды жана газ баллондорун орнотууга байланыштуу 349 мыйзам бузуу аныкталды. Ар бир мыйзам бузучуга 5500 сом өлчөмүндө айыппул берилди, жыйынтыкта ал 1 919 500 сомду түздү. ГУОБДДнын билдирүүсүнө ылайык, рейддер улантылат.
Обсудим?
Смотрите также: