Кабмин курулуш үчүн уруксат документи алуу мөөнөттөрүн кыскартууну сунуштады
Ал Кыргызстандык курулуш тармагынын ылдам өсүү темптерин көрсөтүп жатканын жана өлкөнүн экономикасынын маанилүү кыймылдаткычы экенин белгиледи.
Ошентсе да, өкмөт башчынын айтымында, административдик тоскоолдуктар курулуштун өнүгүшүн бөгөттөп жатат. Документтерди топтоо, экспертизадан өтүү жана уруксат алуу процессинде 90 күндөн 6 айга чейин, ал тургай андан да узак убакыт талап кылынары, бул болсо олуттуу кечигүүлөргө алып келет.
Курулуш жаатын жакшыртуу үчүн бир нече маанилүү кадамдар сунушталды:
1. Уруксат берүү документтерин алуунун мөөнөтүн кыскартуу:
- чоң объектилер үчүн (өндүрүш долбоорлору, аянты 500 м² ден жогору жана 3 кабаттан жогору имараттар, инженердик тармактар) мөөнөт 180 күндөн 50 жумушчу күнгө чейин кыскартылат;
- орто объектилер үчүн (500 м²ге чейин жана 3 кабатка чейин) уруксат 90 күндүн ордуна 30 жумушчу күндүн ичинде берилет;
- чакан объектилер үчүн (150 м²ге чейин жана 1 кабаттан жогору эмес жеке жашоо үйлөрү) жаңы «ашыкча жөнөкөйлөтүү» режимин киргизүү пландалууда, бул уруксатты 15 жумушчу күндүн ичинде алууга мүмкүндүк берет.
2. Курулуш процессине катышкан бардык мамлекеттик органдар үчүн бирдей нормаларын калыптандыруу, экспертизаны карап чыгуу жана уруксат берүү мөөнөттөрү белгиленет. Муну менен бирге, техникалык шарттардын берилишин жана инженердик тармактарга туташтырууну жөнөкөйлөтүү, эски нормаларды жокко чыгаруу кирет.
Адылбек Касымалиев курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигине жана башка мамлекеттик органдарга коюлган тапшырмаларды 100 күндүн ичинде аткарууну тапшырды.
Обсудим?
Смотрите также: