Чанасай суу сактагычтын курулушу үч этап менен жүргүзүлүп, үч жылдын ичинде аяктайт, - депутат
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азизбек Турсунбаев сугат өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча 2026-жылга чейин пландалган маселени көтөрдү. Ал Чанасай суу сактагычынын курулушу боюнча өткөн жылдардан бери талкууланып келгенин белгиледи, ал Ала-Бука районунда жайгашкан. «Жакында өкмөт бизге экинчи этаптын курулушу программага киргизилгендигин айтып, каржылоо булактары каралып жаткандыгын билдирди. Кабмин долбоор үч этап менен ишке ашарын жана үч жылдын ичинде аяктайт деп ишендирди.
