Бишкекте президенттин катышуусунда 476 ипотекалык батирдин тапшырылышы өттү
- 2025-жылдын 16-апрелинде Бишкек шаарындагы Маликов көчөсү, 91 дарегинде Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жай комплексинде 476 батир жарандарга тапшырылды. Бул маанилүү иш-чарада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышты. Ал өткөн жылы биринчи этаптын алкагында 510 батир...