Кыргызстан Швейцарияда туристтик потенциалын таанытты
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Швейцариядагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги Кыргыз туристтик уюмдары ассоциациясынын (КАТО) көмөгү менен жана Германиянын эл аралык кызматташтык коомдук уюму, Түрк аба жолдору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын МЭКинин Туризм департаменти жана кыргыз диаспорасынын колдоо көрсөтүүсү менен Цюрихте туристтик роуд-шоу өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстанга саякат уюштурууга кызыгып жаткан швейцариялык туристтик агенттиктер, жергиликтүү компаниялардын өкүлдөрү менен кездешти. Алардын арасында Ak Sai, Edelweiss Touristik, САТ, Travel Expeditions, Nomads Life жана Silk Way компаниялары бар.
Ачуучулук сөзүндө, Кыргызстанын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшү тууралуу маалымат менен бөлүшүп, өлкөнүн туристтик потенциалынын чоң экенин белгилеп, кызматташууга көңүл бурууга чакырды.
Роуд-шоунун жүрүшүндө кыргыз туристтик операторлору көптөгөн багыттарды жана сунуш кылган туризм түрлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле, швейцариялык туристтик агенттиктер менен бизнес байланыштар тармагын түзүп, мамилелерди өнүктүрүүнүн биргелешкен кадамдарын талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Обсудим?
Смотрите также: