РУС
Акыркы жаңылыктар » Экономика » 2015-жылга чейин Кыргызстандын Тажикстан менен соода жүгүртүүсү $150 млн түзгөн, - экономика министри Сыдыков
Экономика

2015-жылга чейин Кыргызстандын Тажикстан менен соода жүгүртүүсү $150 млн түзгөн, - экономика министри Сыдыков

319
- Экономика жана сооданын министри Бакыт Сыдыков, 2015-2016-жылдар аралыгында Кыргызстандын Тажикстан менен соода жүгүртүүсү $150 млн деңгээлинде калганын, Tazabek маалымат агенттигинин журналисти менен болгон маеги боюнча билдирди.

Министрдин айтымында, эки мамлекеттин ортосунда товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө чоң потенциал бар.

«Азыркы учурда биз өз ара товар жүгүртүүсү $500 млн га чейин өсүшү керектигине макулдаштык. Биздин максат – жакынкы убакта жарым миллиард доллардык деңгээлин жетүү», - деп белгиледи Сыдыков.

Ал ошондой эле конкреттүү маалыматтар, ишке ашыруу мөөнөттөрү жана жол картасы өкмөт аралык кеңештин биринчи жыйынында аныкталарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 13-мартта Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик визит учурунда жолугушуусу өттү.

Маалымат

Националдык статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстандын Тажикстан менен товар жүгүртүүсү $1,7 млн түзгөн.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК