РУС
Акыркы жаңылыктар » Экономика » Кыргызстанда уруктар менен камсыздалуу 90% дан ашык,
- өкмөт башчынын орун басары
Экономика

Кыргызстанда уруктар менен камсыздалуу 90% дан ашык,<br>- өкмөт башчынын орун басары

414
Жогорку Кенештин жыйынында 12-мартта, өкмөт башчынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев учурундагы урукка болгон муктаждык 64,6 миң тоннага жетип турганын билдирди. Учурда 58 миң тонна урук бар, бул керектүү көлөмдүн 91%ына дал келет.
Торобаев 2024-жылы скважиналарды инвентаризациялоонун жүргүзүлгөнүн, ал учурда 270 объект текшерилгенин белгиледи. Пландарда 80 жаңы скважинанын курулушу бар.
«2025-жылы 20 миң квадрат метр тилкеде тамчы аркылуу суу берүү системасын уюштурууну пландап жатабыз. Минералдык тыңайткычка болгон муктаждык 140тан 150 миң тоннага чейин болушу керек, ал эми республиканын ичинде болгону 45 миң тонна камсыздалган, бул туура 30%ды түзөт. Республикада минералдык тыңайткычтарды сатуу боюнча 48 пункт иштеп жатат», - деп кошумчалады ал.
Депутат Бактыбек Чойбеков Талас облусунда БДР жана БСР куруу маселесин көтөрдү.
Бул боюнча Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Талас облусунда БДР жана БСР куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу башталып кеткинин маалымдады.
«БСРдин долбоорлоо иштери быйыл башталат, бирок долбоордун наркы азырынча такталган жок», - деди Сокеев.
0 комментариев
Обсудим?
Смотрите также:
Сайтты day.kg карап улантуу менен, сиз купуялык саясатын кабыл аласыз.
ОК