Кыргызстандын ИДПсы жыл башынан бери 205,5 миллиард сомду түздү

Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин орун басары Зайнидин Жумалиев 2025-жылы январь-февраль айларындагы өлкөнүн экономикасындагы оң өзгөрүүлөр тууралуу маалымдады.
Алдын ала баалоолор боюнча, бул мезгилде жалпы ички продукт 205,5 миллиард сомдон ашып, 2024-жылдын ушул айлары менен салыштырганда 10,7%ка жогорулады.
Анын айтымында, ИДП структурасында кызмат көрсөтүү секторунун үлүшү 51,9% түздү, ал эми товар өндүрүү 29,2%ды, продуктулар боюнча салык 18,9%ды ээлеп турган.
Обсудим?
Смотрите также: